Бишкекте бүгүн  ТҮРКСОЙ уюмунун маданият күндөрү башталат

Бишкекте 12-13-июнда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнда саат 14:00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү өтөт. Ал эми саат 15:00дө А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Түрксой" эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү өтүп, бир катар инсандарга уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

"13-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, 40 манасчынын бирге манас айтуусу орун алып, ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин чыгармачыл топторунун катышуусу менен “Биз биргебиз” аталышында гала-концерт өтөт", - деп билдирди министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан