"Жүрөгүмдөсүң". Азиз Мурадиллаев көзү тирүү болсо 45 жашка чыкмак. Аны жубайы эскерди

Кыргыз Руспубликасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев бүгүн көзү тирүү болгондо 45 жашка чыкмак.

Актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева жолдошун эскерип, анын гитара менен ырдаган видеосун социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

"Азизим менин, бүгүн тирүү болгонуңда 45 жашка чыкмак экенсиң, айла жок. Кудайым маңдайга жазганды көрөт экенбиз, курандан башка айла жок экен. Жаткан жериң жайлуу болсун! Азиз, сен дайым менин жүрөгүмдөсүң", - деп жазды актёрдун жубайы.

Белгилүү актёр 1978-жылы 12-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. 2001-жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган.

2001-жылдан тарта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист болуп иштеген. Мурадилаев кыргыз драматургиясында эле эмес, дүйнөлүк классиктердин чыгармаларында да роль жараткан. Алсак, Мольердин «Оорулуу» спектаклинде Бералддын, Евгений О'Нилдин «Дарак астындагы сүйүү» чыгармасында Эбинанын ж.б. ролун аткарган.

Мурадиллаев тасма жаатында да кайталангыс образдарды жараткан. Алардын эң негизгиси, элдин эсинде калганы Садык Шер-Нияз тарткан “Курманжан датка” тасмасындагы Алымбек датканын образы болду. Мындан сырткары "Чиркин өмүр" сериалында Эркиндин, "Апамдын махабаты" сериалында Бакыттын, "Кара кыз" тасмасында Темирдин, "Президент жана бомж" сериалында күйөө баланын ролдорун аткарган.

2011-жылы Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2015-жылы "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгынын "Эң мыкты эркектин ролу" номинациясына ээ болсо, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамына татыган.

Актёр көп жылдар бою боордун циррозу дарты менен күрөшүп, 2022-жылы 17-декабрда узакка созулган оорудан улам акка моюн сунган. 19-декабрда Мурадилаевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Азиз Мурадилаевди жубайы эскерди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-12 14:18:00
Жайы жаанатан болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан