"Азия балдары" комитети Кыргызстандын Алыш федерациясы менен кызматташат

Бүгүн, 12-июнда "Азия балдары" эл аралык комитети менен Кыргызстандын Алыш федерациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземи маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен "Азия балдары" эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимовдун жолугушуусунун алкагында өттү.

Комитет жана федерация алыш бел боо күрөшүн жана "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарын жайылтуу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан