Гүлзада Рыскулова Кыргызстандын атынан дүйнөлүк фестивалга катышты (сүрөт, видео)

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Алматы шаарында өткөн дүйнөлүк "The spirit of Tengri" фестивалына өлкөнүн атынан катышты. Бул тууралуу ырчы айым SUPER.KG сайтына өзү билдирди.

Маалым болгондой, ырчы иш-чарада этно-рок багытындагы чыгармаларын тартуулаган.

Рыскулованын айтымында, анын чыгармачылыгы чет элдик кесиптештерин дагы кызыктырып, келечекте бирге иштешүү пландарын сунушташкан. Жыйынтыгында 17 мамлекет катышкан мега фестивалды чагылдыруу учурунда Казакстандын жергиликтүү басылмалары ырчы айымды жана анын командасын эң өзгөчө топ катары баса белгилешти.

Белгилей кетсек, Гүлзада Рыскулова андан кийинки сапарын Ташкент шаарына улап, Turksoy уюмунун 30 жылдыгына арналган чоң салтанатка катышат.

Гүлзада Рыскулова дүйнөлүк The spirit of Tengri фестивалына Кыргызстандын атынан катышты
Гүлзада Рыскулова дүйнөлүк The spirit of Tengri фестивалына Кыргызстандын атынан катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан