Бишкектеги музыкалык фестиваль орусиялык реп аткаруучу Моргенштернсиз өтмөй болду. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары Instagram баракчасына жарыялашты. Анда Моргенштерндин фестивалга катышуусуна каршы бир топ пикирлер айтылып, коркутуулар да болгону айтылат.
Мындан сырткары Маданият министрлиги фестивалдын уюштуруучуларына кат жолдоп, музыканттын келишине каршы экенин билдиргени кошумчаланды.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Маданият министрлигине аталган башкармалык аткаруучулардын аткаруусун координациялап жатабы деген суроо менен кайрылышкан. Маданият министрлиги концертти токтотуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирген болчу.
Моргенштерндин Бишкектеги концерти Alga Fest фестивалынын алкагында 23-июнга белгиленген болчу.