Бишкекте 11-декабрда 25 жаштагы Н.Тилек Фольксваген Гольф автоунаасында баратып жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаштагы Н.Алтынай жана анын апасы 33 жаштагы И.Кенжегүл денесинен жаракат алышкан. Автоунаа айып төлөөчү жайга жеткирилип, аталган факты боюнча материалдар Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматына өткөрүлүп берилди.