Москвада адамдарды акча алмаштыруу менен алдап кеткен ири уюшкан кылмыштуу топтун бети ачылды. Жалпысынан алар 250 миллион рублдан ашык уурдашкан. Бул тууралуу "База" Тelegram-каналы билдирди.
Маалыматта, кылмыштуу топ 2022-жылдын апрель айынын башында пайда болгондугу тууралуу айтылат.
"Анын негиздөөчүлөрү 41 жаштагы Ш.Д. жана 36 жаштагы Ш.М. болгон. Алар Борбордук банк тарабынан киргизилген алмашууга тыюу салуудан улам валютага болгон чоң суроо-талапка көңүл буруп, кошумча акча табуу чечимин чыгарышкан. Кийинчерээк аларга дагы бир нече адам кошулган. Жалпысынан кылмыштуу топко кеминде 13 адам кирген (алардын арасында аял киши бар). Уюшкан кылмыштуу топтун дээрлик бардык мүчөлөрү Кыргыз жарандары болгон", — деп айтылат маалыматта.
Акча алмаштыруу операцияларына жамынып топтун мүчөлөрү акчаны алып (көбүнчө эсептөө үчүн) качып кетишкен. Ошол эле учурда топтун милдеттери так бөлүштүрүлгөн: катышуучулардын бир бөлүгү акчаны алмаштырууну каалаган адамдарды издөө менен алектенишсе, башкалары түздөн-түз алмаштырып, ал эми үчүнчү топ кайтаруу ишин аткарган.
Учурда жети адам кармалды (алардын алтоо камакка алынды, бирөө айрым аракеттерге тыюу салынды). Аларга кылмыш-жаза кодексинин "кылмыштуу чөйрөнү уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Дагы алты адам федералдык издөөгө алынды.