Каракол шаарында республикалык деңгээлде Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери белгиленет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара ушул жылдын 1-июлунда өтөт. Ал эми мааракенин алкагында "Улут баскан улуу жол" аттуу этно-фестиваль уюштурулат.
Этно фестивалдын күндүзгү бөлүгү 10:00дө башталып, төмөндөгүдөй иш-чаралар менен коштолот:
- Эл аралык "Казак-Кыргыз" айтышы;
- Акелерге арналган илимий-практикалык конференция;
- Ысык-Көл боз үй мекени" макамын алгандыгына байланыштуу "Хан боз үйлөр жана каада салт" сынагы;
- "Кол өнөрчүлөрдүн жана шырдак дүйнөсү", "Этно мода";
- "Салттуу музыка";
- "Элдик көчө театры";
- "Так Теке";
-"Шайыр апалар" сынактары өтүп, салбуруун көргөзмөсү менен коштолот. Ошондой эле саат 20:00дө кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда гала-концерт уюштурулат.