Мындан 83 жыл мурун, тагыраагы 1941-жылдын 22-июнунда фашисттик Германия Советтер Союзуна чабуул жасап, аскердик, стратегиялык объектилерге жана бир нече шаарга сокку урган. Жалпысынан 1 418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта СССР боюнча 27 миллионго жакын адам көз жумган. Төмөндө Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Улуу Ата Мекендик согуштагы эң узак салгылашуу Ленинград үчүн болгон. Ал 1 126 күнгө созулган.
Согуш аяктаган кийин Сталин жалпы 7 миллион адам каза болгонун билдирсе, 1980-жылдарда СССР боюнча жалпы 26,6 миллион адамдын каза болгону айтылган. Ал эми расмий эмес маалымат булактарында, согуш жылдарында жалпы 43 миллион адамдын көз жумганы айтылып келет.
Расмий маалыматтарга караганда, материалдык чыгымдын жалпы суммасы 2,5 триллион рублду түзгөн. Бул ошол учурдагы СССРдин байлыгынын 30 пайызына барабар болгон. Ошондой эле согуш учурунда СССРде жалпы 1 710 шаар, 70 миңден ашык айыл-кыштактар жок кылынган.
Берлинди багындырганы үчүн болжол менен миллионго жакын адамга медаль тапшырылган. Алардын басымдуу бөлүгү согуш аяктагандан кийинки 3 жылда ыйгарылган. Ошондой эле 1951-жылга чейин медалдын ээлери каза болуп калган учурда, сыйлыктар кайра мамлекетке өткөрүлгөн.
Ата Мекендик согушта Литва, Латвия жана Молдова мамлекеттериндеги бардык еврей улутундагы тургундар өлтүрүлгөн. Ал эми эң көп жоготууга Беларус өлкөсү туш болгон, анда жалпы 2 миллион 200 миңдей адам көз жумган. Бул ар бир төртүнчү жараны каза болгон дегенди билдирет.
Согуш талаасына жалпы 60 миңдей ит, 350 төө жана 4 вагон мышык жеткирилген. Иттер кайсы аймакта жарылуучу заттар бар экенин аныктоого жардам берсе, төөлөр унаа жетишсиз аймактарда колдонулган. Ал эми мышыктар окоптогу чычкандар менен күрөшүүдө жардам берген.
Расмий маалыматтарга караганда, Улуу Ата-Мекендик согуштан кийин СССРде болгону 127 миллион гана калк калган.
Жеңишти майрамдоо биринчи жолу 1945-жылы 9-майда болгон. Ал эми салттуу Жеңиш парады Кызыл аянтта 1945-жылдын 24-июнунда өткөн. 1947-жылга чейин 9-май эс алуу күнү катары каралып, ар кандай концерттер менен коштолгон. Бирок 1965-жылга чейин Жеңиш күнүн майрамдоо токтотулуп, адаттагы эле иш күнү катары өткөн.