Өтүп бараткан акыркы суткада Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жашоочусу Б.Турдумаматовго таандык үйдүн бөлмөсүнөн өрт чыгып, 5 чарчы метр шып күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна мештердин туура эмес жайгаштырылышы себеп болгон.
Мындан сырткары Ош шаарынын Ленинград көчөсүнүн №26-үйүнүн жанында 40 чарчы метр куураган чөп күйгөндүгүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда.