Кадамжай шаарын таштандыдан арылткан экоактивист Динара Узбекова

Биогумус жана калдыктарды кайра иштетүү

Кооз Баткен облусунда жайгашкан Кадамжай шаарында экоактивист Динара Узбекова өз вазыйпасын таба алды. Германияда билим алып, Россияда бир нече жыл мигрант болуп иштегенден кийин Динара өз шаарына кайтып келип, биогумусту изилдөө жана кайра иштетүү боюнча ишти баштоону чечкен.

Мен эл аралык мамилелер боюнча адисмин. Германиянын Мюнхен шаарында окуп, андан кийин Москвада көп жыл мигрант болуп иштедим. Бир нече убакыттан кийин өз жеримди өнүктүрүүгө каалоом күчтүү болуп, биогумусту изилдеп, аны өндүрө баштоо үчүн Кадамжайга келдим”, – деди Динара Узбекова.

Динара сөөлжандарды өстүрүү менен биогумусту гана өндүрбөстөн, органикалык калдыктарды да натыйжалуу иштетүүгө болорун билди. Бул процесстин жардамы менен анын үйүндө дээрлик эч кандай таштанды калбайт, себеби сөөлжандар пластик, пленка, сөөк жана желим баштыктардан башка бардык органикалык заттарды жеп алышат.

Шаарда таштандылардын азайышы

Өнөктөшү менен бирге Динара Кадамжай шаарына 8 таштанды урнасын орнотуп, долбоорго 50 миң сом жумшады. Ал өзүнүн шаары менен сыймыктанат, өзүнүн көлү бар, көздүн жоосун алган тоолор менен курчалган кооз жана жайлуу шаар деп мүнөздөйт. Бирок жыл сайын таштандылар көбөйүп жаткандыктан Динара жана анын командасы таза жана дени сак чөйрөгө салым кошууну чечишти. Урналардын санын 50гө чейин көбөйтүп, шаарда туш келди жерде орун алган таштанды жайлары менен күрөшүү Динаранын көздөгөн максаты.

Максатына жетүү үчүн Динара жана анын өнөктөшү мэрия жана айыл өкмөтү менен иштеше башташты. Алар шаарга урналарды орнотууга мүмкүндүк берген керектүү токтомдорду жана буйруктарды кабыл алышты. Динара алардын иши көп киреше табууга байланыштуу болбогонун, Кадамжай шаарынын жыргалчылыгына жана анын тургундарынын ден соолугун коргоого багытталганын баса белгилейт. Динара мындай дейт: “Биз бул иште көп акча таппайбыз, жасагандарыбыздын баары Кадамжай үчүн, шаарыбыз таза болсо, ден соолугубуз да жакшы болот эмеспи”.

Динара Узбекованын окуясы бизди өзүнүн энтузиазмы жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга умтулуусу менен шыктандырып турат. Анын окуясы баарыбызга үлгү болуп, ар бир адам, кесибине жана билимине карабастан өз шаары жана жалпы дүйнө үчүн таза жана туруктуу келечекти түзүүгө маанилүү салым кошо аларын көрсөтүп турат.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуунун шарттары:

1. Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;

2. #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;

3. Профилиңиз ачык болушу керек.

“ЭкоЖаша” долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Кадыресе жашообузда деле оң өзгөрүүлөрдү жасай алабыз. Анда эмесе, планетабыздын жаркын келечегин чогуу түптөп көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-06-26 19:03:00
Азамат кыз экен. Жанагы бироонун жеке жашоосуна, чачына, тырмагына, кирпигине асылган депутат, молдолорго караганда, ушуга окшогон кыздардын пайдасы коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан