Ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду

Бүгүн, 26-июнда ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Бул тууралуу анын жубайы Айпери Куржумбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Биз бүгүн үчүнчү жолу ата-эне болдук. Толкундоо сезими биринчи жолкудай эле. Эң башкысы ден соолугу бекем болсун», — деди ырчынын жубайы Айпери Куржумбаева.

Мындан тышкары ырчы Гүлжигит Калыков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында үчүнчү ирет ата болуп жатканын айтып, куттуктап жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин жубайы экөө бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан