10-декабрда Ысык-Көл районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 75-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Ой айылынан Ауди-80 жана Хонда Степвагон унаалары сүзүшүп кеткен. Бул кырсыкка Хонда унаасынын каршы жолго чыгып кеткени себеп болгон.
Жыйынтыгында жаракат алган 2 айдоочу жана 4 жүргүнчү Ысык-Көл аймактык ооруканасына жеткирилген.