Казакстандын түндүк жана чыгыш аймагын газдаштыруу долбоору 4 миллиард долларды түзөт

Казакстандын түндүк жана чыгыш аймагын газ менен камсыздоо долбоору 4 миллиард долларды же 2 триллион теңгени түзөт. Бул тууралуу Forbes.kz сайты жазып чыкты.

Маалым болгондой, учурда аталган долбоордун үстүнөн орусиялык “Газпром” компаниясы иштеп жатат.

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев Түндүк-Казакстан облусунун тургундары менен жолугуу учурунда түндүк менен чыгыш региондордун кантип менен газ менен камсыздала турганын билдирди.

Министрдин айтымында, орусиялык “Газпром” июль айында аталган долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну жыйынтыктайт.

“Министрлик “Сарыарка” газ түтүгүн Орусиядан келген газ түтүгү менен туташтыруу вариантын изилдеп жатат. Учурда “Газпром” июль айында алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга аракет кылууда. Буга байланыштуу газ түтүгүнүн маршруту жана газдын баалары аныкталгандан кийин өлкөнүн түндүк жана чыгыш аймактарын газ менен камсыздоонун эң жакшы варианты аныкталат”- деди Саткалиев.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, аталган долбоордун баасы 1,9-2 триллион теңгени, ал эми долбоордун кубаттуулугу жылына 40 миллиард куб метр газды түзөт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Казак өкмөтү менен “Газпром” 2023-2024-жыл үчүн газ тармагындагы кызматташтык жөнүндө протоколго кол коюшкан. Келишимдин алкагында Казакстандын түндүгү менен чыгыш аймагын газ менен камсыздоо маселеси да иштелип жатат. Министрликтен билдиргендей, Орусия газын Казакстанга жеткирүү эки тарапка тең пайдалуу шарттарда жана эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди эске алуу менен ишке ашмакчы.

Эске салсак, 19-апрелде Саткалиев казакстандык QazaqGaz компаниясы менен "Газпром" Казакстандын түндүк жана чыгыш аймактарын газдаштыруунун мүмкүн болгон маршруту боюнча макулдашканын билдирген. Министрдин айтымында, бул газ түтүгүн Кытайга улантуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок азырынча Казакстандын керектөөлөрүн жабуу маселеси гана каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан