Бишкек шаарынын тургуну, КЭУнун жатаканасынын тарбиячысы И.Кенжегүл арыз менен милицияга кайрылган. Анда саат 03.05 чамасында КЭУнун жатаканасында жашаган Авазбек мас абалында 3-кабаттагы айнекти сындырып койгон. Кылмыш изи сууй электе түнкү милиция адистештирилиген батальонунун кызматкрерлери тарабынан Жибек Жолу көчөсүнүн тургуну 20 жаштагы Н.Авазбек кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Тергөө иштери башталды. Бул тууралуу 12-декабрда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.