Бишкекте бильярд боюнча КРнын 1-Акыйкатчысынын кайрымдуулук мелдеши жыйынтыкталды

2012-жылдын 8-9-декабрында Бишкек шаарындагы "Ормон хан" борборунда КРнын биринчи Акыйкатчысынын бильярд боюнча кайрымдуулук мелдеши болуп өттү. Командалар арасындагы биринчи орунду КРнын Социалдык фонду, экинчи орунду КРнын Каржы министрлиги, үчүнчү орунду КРнын Социалдык фондунун иш башкармалыгы жеңип алышты. Ал эми кесипкөй оюнчулардын арасында биринчи орунду Ызат Ратбеков, экинчи орунду Бектур Арзыматов, үчүнчү орунду Дмитрий Нан менен Бекболот Базарбек уулу багындырышты. КРнын биринчи Акыйкатчысынын мелдешинин Супер кубогун Ызат Раатбеков ээледи. Жеңүүчүлөргө байгелерди ЖКнын депутаты, КРнын биринчи Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу тапшырды. Белгилей кетсек, бул мелдеш быйыл 10-декабрь күнү белгиленген Эл аралык адам укуктарын коргоо күнүнө жана Улуттук акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Бул кайрымдуулук мелдешине катышкан ар бир оюнчу 1000 сомдон взнос төлөп, чогулган каражат балдар үйлөрүнө которуларын айтышты уюштуруучулар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан