Орусия Федерациясына караштуу Иваново шаарындагы Октябрь
райондук прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын жараны топ болуп зордуктоо,
өлтүрөм деп коркутуу жана уурулук боюнча айыпталууда.
Орусиялык тергөө
органдарынын маалыматына ылайык, 38 жаштагы киши 2012-жылдын 3-ноябрында жана
17-январында жабырлануучуларды зордуктап, баалуу буюмдарын уурдап чыгып кеткен.
Мындан сырткары 2013-жылы 2-февралда облустун жашоочусунун уюлдук телефонун
тартып алган.
Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодекси боюнча аталган кылмыш
үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.