«РСК Банк» ААК банктын карталарына «СберБанк Онлайн» тиркемеси аркылуу Россия Федерациясынан Кыргызстанга ыкчам которуу кызматын ишке киргизди.
Кызматты киргизүүнүн максаты Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн акча которууларды жеңилдетүү болгон.
Эми «СберБанк Онлайн» колдонуучулары бир нече чыкылдатуу менен алуучунун төлөм картасына байланышкан телефон номерин киргизип менен оңой жана тез акча жөнөтө алышат.
Акча түздөн-түз картага түшөт. Каражаттарды RSK24 мобилдик банкингден текшерсе болот.
Кызмат - комиссиясыз.
Бул кызмат «РСК Банктын» бардык карталарын ээлерине жеткиликтүү.
www.rsk.kg
КРУБ лиц. №033, 033/1