MegaLabКыргызстандын IT-билим берүү тармагындагы инновациялык аянтча

Маалыматтык технологиялар коомдун өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды. Жаңы экономикалык реалдуулук санариптик технологиялар тармагындагы адистерди көп талап кылууда, буга байланыштуу IT- адистиги боюнча билим алууга суроо-талап өсүп жатат. 2025-жылга карата Кыргызстанда 50 миң программалоочу талап кылынат деп болжолдонууда.

Мындай актуалдуу адистикке ээ болуу үчүн, толук кандуу жогорку билим алуу шарт эмес. Кесипкөй окутуучулар тарабынан иштелип чыккан, практика жүзүндөгү пайдалуу маалыматтарды кыска мөөнөттө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген тиешелүү курстарда окуу жетиштүү.

Азыркы учурда IT жаатында көптөгөн онлайн жана офлайн курстар бар. Эң башкысы, анын көптүгүнөн баш айланып, адашып калбоо керек. Билим берүү рыногунда курсту бүтүргөн адамга жөн гана тастыктама тапшырып койбостон, актуалдуу жана керектелүүчү билимди үйрөтүүнү көздөгөн лидерлер дайыма болот. MegaLab MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун платформасындагы дал ошондой IT-мектеп болуп саналат.

MegaLab – IT тармагындагы башталгыч түзүп чыгуучуларга чыныгы тажрыйбаны алууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу аянтча, мындай тажрыйбадан кийин алар IT-рыногунда ишенимдүү түрдө өз ордун таба алышат.

MegaLab 2020-жылы түзүлгөн. Башында бул IT-мектеби уюлдук байланыштын кызматкерлерин окутуу үчүн иштеп баштаган, бирок компания кызматкерлеринен башка да андан билим алууну каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу, курсту бардык каалоочулар үчүн ишке киргизүү чечими кабыл алынган. IT-мектеп иштеп баштагандан бери 600дөн ашык адам аны аяктады.

Бүгүнкү күндө аталган IT-мектепте суроо-талап эң жогору болгон багыттар боюнча билим алууга болот:

· Java

· -Python

· -SQL (Oracle, PostgreSQL, MySQL)

· -PL/SQL (Oracle маалыматтар базасын иштеп чыгуу)

· - Dart/Flutter’де мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу

· -UX/UI дизайн

· -Долбоорлук менеджмент

· -Графикалык дизайн

Бул багыттар MEGA компаниясында кеңири колдонулуп келет, демек, менторлордун бул жаатта жетиштүү билими жана мол тажрыйбалары бар экендиги шексиз. Окутуучулар курамы компанияда иштеп жаткан кызматкерлерден түзүлгөн. Технология дүйнөсүнө кызыккандар үчүн адистин жардамысыз, көндүмдөрдү өзү өздөштүрүүсү бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Программалоо тили, китепкана, куралдар, методология жана стандарттар – булардын баары IT-дүйнөсү. Ошондуктан технологиялар тармагында тажрыйбалуу устаттын болгондугу чоң мааниге ээ.

MegaLab'дын башка IT-мектептерден негизги айырмачылыгы – бул окутуу программасы. Ал компаниянын квалификациялуу кызматкерлери тарабынан түзүлөт, андан ары жетектөөчү түзүп чыгуучу адистерге акыркы оңдоолорду киргизүү үчүн тастыктоого жөнөтүлөт. Мындай аракеттердин натыйжасында курстун ар бир келген мууну заман талабына ылайык өзгөртүлгөн программа боюнча билим алат.

“Биз ар дайым IT-рыногундагы тренддерден кабардар болуп турабыз, окутуунун жаңы шаймандарын кошуп турабыз, студенттерге чындыгында керек боло турган маанилүү нерселерди үйрөтүүгө басым жасайбыз. Курсту аяктаганга чейин студенттер өздөрүнүн портфолиосу үчүн 2-3 долбоорду ишке ашырышат. Мындан тышкары, бизде дайыма хакатон өткөрүлүп турат. Белгилүү болгондой эле, хакатон – бул стандарттуу окутуу ыкмасында түшүнүү татаал болгон же дээрлик мүмкүн болбогон билим топтомдорун үйрөтүүнүн мыкты жолу: кыска убакыт аралыгында команданын реалдуу долбоорлордо иштөө тажрыйбасы, project- жана product-менеджментин үйрөнүү жана тапшырык берген адамга жыйынтыктарды көрсөтүү даярдыгы. Тиешелүү жаатта окутуудан тышкары, студенттердин софт-скиллдерин жакшыртууга аракет жасайбыз, бүтүрүүчү курстарды аяктагандан кийин өзүн “ишин чага билген” адис катары көрсөтө алышы үчүн резюмесин туура толтурууга жардам беребиз”, − деди MEGA компаниясынын иштеп чыгуулар жана тестирлөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Турсунай Качиева.

Мындай аракеттер junior-адиске жумуштагы тапшырмаларды кыйынчылыксыз аткарууга жана жогорку маяналуу жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзөт. MEGA компаниясынын 60 пайызга жакын түзүп чыгуучулары – MegaLab’дын бүтүрүүчүлөрү.

MegaLab – MEGA компаниясы үчүн гана квалификациялуу кадрларды туруктуу даярдоочу жай эмес, андан окуган студенттер башка компанияларда да иштеп, ийгиликтерге жетишүүдө, айрымдары фриланс шартында иштешет.

MegaLabда окутуунун баасы канча?

· Окутуунун баасы айына 10 миңден 15 миң сомго чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан