Бишкекте жайгашкан Чыгыш автобекетинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер астындагы өтмөктү жакшыртуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер астындагы өтмөктү оңдоо иштеринде "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери брусчаткаларды төшөсө, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери күндүзгү жарыкты туташтыруу иштерин жүргүзүшкөн.
Жакынкы арада “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жалпы тазалоо иштерин жүргүзө турганы айтылды. Ал эми Чыгыш автобекетинин администрациясы санитардык абалды көзөмөлдөйт.
"Урматтуу шаар тургундары! Өтүнүч! Муниципалдык менчикти сындырбаңыздар жана зыян келтирбеңиздер. Анткени аларды калыбына келтирүүгө кошумча адам ресурстары жана каражаттар сарпталат", - деп айтылат мэриянын кайрылуусунда.