Ошто пара талап
кылгандыгы үчүн Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарыгерлерди даярдоо
жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу филиалынын директорунун орун басары
кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирет.
Маалыматка
караганда, Ош шаарынын тургундарынын бири милиция кызматкерлерине жогоруда
аталган институтта коррупциялык иштерге орун берилип жаткандыгы тууралуу кабарлаган. 10-декабрь күнү бул факты боюнча ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан
кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери шектелген
адамды кармоого киришкен. Натыйжада аталган институттун Оштогу филиалынын
директорунун орун басары 700 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда
тергөө иштери жүрүүдө.