Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелер
менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардагы банктардын биринде алдамчылык
фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу 12-декабрда Ош ШИИББинин басма сөз кызматынын
өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
2013-жылы сентябрь айынын башында шаардагы банктардын
биринен Араван райондук банкка жеке жаранга 980 миң сом акча мыйзамсыз
которулган. Бирок банк кызматкерлери акча которулбаганын айткан. Натыйжада банк жетекчилиги
милиция кызматкерлерине кайрылган.
Укук коргоо органдары кечээ, 11-декабрда бул фактыга
катыштыгы бар деген шек менен банктын мурдагы 3 кызматкерин жана 1 жумушсуз
жаранды кармады. Кылмыш ишинде негизги адам, банктын мурдагы бир кызматкерине
кылмыш иши козголуп, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Маалыматтарга караганда, банктын которууга жооптуу адиси
иш ордунда жок учурдан пайдаланып анын компьютерин колдонуу менен акчаны
которууга үлгүргөн. Учурда
уурдалган акчаны кайтаруу иштери жүрүп жатат.