Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип жаткан Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы кызматкери үй камагына чыкканы кабарланды. Ал эми бул боюнча жабырлануучунун жактоочусу Бексултан Осмонов айыпталуучу тарап тараткан маалымат толугу менен жалган экендигин билдирди. Ошондой эле ал жабырлануучу тарабына ар кандай коркутуу-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын айтып, шектүү мурда Ички иштер министрлигинде да иштеп кеткендиги тууралуу уккандыгын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Биз бул маалыматтарды толугу менен жалган деп эсептейбиз. Биз тергөө иштерин өздөрү аткарсын деп бул маалыматтарды таркатпайлы деп чечкен болчубуз. Бирок алардын жактоочусу Замир Жоошев социалдык баракчасына жалган маалыматтарды таратыптыр. "Бул кыз өзү күнөөлүү, биз эч нерсе кылган эмеспиз" деген сыяктуу маалыматтарды жазган. Биз ал таратылган маалыматка толугу менен кошулбайбыз жана колдобойбуз. Анткени таратылган видеодо баары так көрүнүп турат. Мындан тышкары жабырлануучу тарапка ар кандай коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатат. Ар кандай адамдар чалып, келип, арызды кайра артка алгыла же болбосо биз мындай маалымат таратабыз деген сыяктуу коркутуулар болууда. Ал адам өз убагында чоң кызматтарда, анын ичинде Ички иштер министрлигинде да иштеген экен", - деди жабырлануучунун жактоочусу.
Эске салсак, автоунаанын арткы орундугунда эркек киши кызды зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу видео интернет желесине тараган. Милиция аталган факты 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мурда иштеп кеткен 30 жаштагы Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.