Сиздер калаадагы биринчи SPAR супермаркетине барып көрдүңүзбү? Эгер бара элек болсоңуз, анда шашылыңыз! Тармактын алгачкы супермаркети борбор калаанын чок ортосунда, тагыраагы Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан.
Супермаркеттин 20-июлда болгон ачылыш аземи бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн эсте каларлык окуя болду. Андагы концерттик программа көптөгөн улуу-кичүү муундагы кардарларды топтоду. Чогулгандар артисттерди кубануу менен тосуп алып, бийлеп, оюн-зоокко катышып, анан соода кылып, белектерге ээ болушту.
Ачылыштын урматына, сатып алуу суммасына карабастан, ар бир кардарга SPAR маркасындагы шопперлер тартууланды. Бирок эң негизгиси, чогулгандар SPAR Кыргызстандын рыногунда чындыгында өзгөчө экенине ынанышты.
Ошондой эле арзандатуулар, жеткиликтүү баалар жана SPAR'дын өздүк бренддериндеги товарлардын эксклюзивдүү ассортименти - тармактын биринчи сатып алуучулары тарабынан бааланды. Анткени, SPAR – бул бардыгы үчүн жеткиликтүү баада, жогорку сапаттагы продукция.
SPAR'дын ашпозучулары табигый ингредиенттерди колдонуу менен ашкана станцияларынын ийне-жибине чейин көңүл буруп, атайын рецепттерди даярдашат. Бул жерден сиз ар дайым даамдуу тамактардын кеңири түрүн: пайдалуу эртең мененки тамактар, толук кандуу бизнес-ланчтар, оригиналдуу салаттар, закускалар, ар кандай гарнирлер жана улуттук тамактарды таба аласыз.
SPAR тармагынын маанилүү өзгөчөлүгү - бул жергиликтүү жеткирүүчүлөр жана фермерлер менен кызматташууга басым жасоо. Демек, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн SPAR бренди менен продукциясын сатууга жана эл аралык рынокко чыгууга эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болду.
«SPAR Кыргызстан» клубу - кардарлар үчүн арзандатуулардын жана бонустардын системасы, бул супермаркеттер тармагында соода кылууну мүмкүн болушунча пайдалуу кылат. Клубдун мүчөлөрү сатып алуулар үчүн белектерди, атайын арзандатууларды жана жеке сунуштарды ала алышат.
Ошондой эле:
SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү "Умай Групп" компаниясы жумушка болгон мамилеси менен бренддин көп жылдык салтын жана принциптерин улантат. Дагы бир сонун жаңылык, жакынкы арада тармактын экинчи супермаркети Балыкчы шаарында эшигин ачат. Кыргызстандагы SPAR компаниясынын жаңылыктарына жана жаңы ачылыштарына кабардар болуңуз!
Албетте, жагымдуу жана пайдалуу соода үчүн SPAR супермаркеттерине кош келиңиз!
SPAR – бирге эң жакшы!
@spar.kgz