Ош шаарында унаалар үчүн жасалма мамлекеттик номурларды жасоо менен алектенип жүргөн 62 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, кылмышка шектүү кардарларынын сунушу менен каалаган унаа номурларын жасап берчү. Баасы дагы анча кымбат эмес болгон. Анын устаканасын тинтүү учурунда бир нече даяр мамлекеттик номурлар табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.