Токмок шаарынын милиция кызматкерлери Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун мыйзамсыз бак кыйган деген шек менен кармашты. 11-декабрь күнү саат 15:50 чамасында 16 даана карагай Токмок шаарынын Ибрагимов көчөсүнөн кыйылган. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө жана териштирүү иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Чүй ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.