"Дүйнөлүк көчмөндөр" модасын 50 мамлекетке тааныткан Назира Бегим: "Фестиваль - менин атама болгон кусалыгым..."

Өлкөдө алгачкы жолу "Дүйнөлүк көчмөндөр" мода фестивалы 2017-жылы эл алдында көрсөтүлө баштаган. Аталган фестиваль Марокко, Франция, Индия, Орто Азия өлкөлөрү, Индонезия, Кытай, Корея мамлекеттеринде уюштурууга жетишкен.

Дал ошол "Дүйнөлүк көчмөндөр" мода индустриясын дүйнө жүзүнө таанытып келе жаткан дизайнер Назира Бегим менен мектештик. Ал жумушунун артыкчылыктары жана татаалдыктары тууралуу айтып берди.

Назира Бегим 1984-жылы 10-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Тепке айылында туулган. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. Бир кыздын энеси. Дизайнер, коомдук активист.

- Мода индустриясына кантип келип калдыңыз? Буга эмне түрткү болду?

- Мода индустриясы - кичинекей чагымдагы кыялым болчу. Жаш кезимде мен куурчактарыма кийим тигип, ата-энеме мода көрсөтөр элем. Менин таенем, чоң апам, апам чебер адамдар. Модага болгон кызыгуум ошолорду көрүп пайда болгон. Кызыгуулар кыялга айланды. Акырындык менен кыялдарым орундалып, чоң максатка айланды. Көп жылдан бери көкүрөгүмө багып жүрүп, 2016-жылы кыялдарымды орундатууну изденип баштадым. 2017-жылы чакан мода көрсөтүүнү өткөрүп көрдүм. Анда 80 кишиге бир коллекция менен көрсөткөнбүз. Мындан беш жыл мурда "Дүйнөлүк көчмөндөр" модасы деп ойлоп таап эң алгач эле эл аралык деңгээлде коомчулукка таратууладык.


- "Дүйнөлүк көчмөндөр" модасы иш-чаранын жаралуу тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз?

- "Дүйнөлүк көчмөндөр" модасы фестивалынын тарыхы мен үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби бул фестиваль менин атама болгон кусалыгым, атама берген сөзүм, антым десем болот. Идеяны ишке ашырам деп жүргөндө атам каза болуп калды. Индияда жүргөн кезде атам көз жумуп, акыркы сапарга да узата албай калгам... Анан ичимде калган букту дал ушул фестиваль аркылуу чыгаргым келди. Бул фестиваль атама арналат. Ошол себептен ар жылы Ысык-Көлдө өткөрүп келе жатам. Балалыктагы кыялдарым орундалып келе жатат. Учурда фестиваль 50дөн ашуун мамлекетке таанылды.


- Аталган мода индустриясын элге таанытуу үчүн канча убакыт сарптадыңыз?

- Мода индустриясын элге таанытуу үчүн 5 жыл убактым кетти. Анын ичинде 3 жыл аябай катуу эмгектендим. Оор күндөр өттү. Кудайга шүгүр, азыр "Дүйнөлүк көчмөндөр" модасы дегенде бир гана Кыргызстанда эмес, жогоруда айтып кеткендей 50гө жакын мамлекетте жыл сайын чыдамсыздык менен күтүшөт. Ушул деңгээлге жеткирип алганыма аябай кубанам.

- "Көчмөндөр модасын" уюштуруу учурунда сизди кубандарган, кайгырткан жагдайлар болдубу?

- Укмуштуудай эле кыйынчылыктар өттү. Учурда уюштуруу иштерин бир системага коюп алганыбыз үчүн бир топ жеңилдеди. Башында таанышым жок же колдогон кишилерим жок, жалгыз жасоо абдан оор болду. Фестиваль үчүн ден соолугумду да аяган жокмун. Бирок кыйынчылыктарга карабастан чоң деңгээлге чыгарып алдым. Башында аталган фестивалды уюштурам дегенде эч ким ишенген эмес. "Колуңдан келбейт, ташта, жасаба. Сен жасай албайсың" деген далай сөздү уктум. Бирок ушул күнгө чейин бир да жолу "жаман өттү" деген сөздү уккан жокмун.

Мага иш-чара бүткөндөн кийин көрүүчүлөрдүн жагымдуу пикирлери дем-күч берди. Саамалыктын жүрүшүндө даярдануу процесстеринде айтылган сөздөр, сын-пикирлер, бут тосуулар эч кандай терс таасирин тийгизген жок. Тескерисинче, стимул берди десем да болот.


- Кыргыздын мода индустриясын көптөгөн мамлекеттерде көрсөтүп жүрөсүз. Өзүңүз дагы кийимдерди тигесизби?

- Ооба, мен деле тиккен учурлар болот. Бирок маанайга жараша тигем. Бир жылда эки образ чыгарам. Көп деле тиге бербейм. Аны да ойлонуп-толгонуп, кыйналып, шашпай чыгарам. Буйруса, күз мезгилине өзүмдүн да чакан мода көрсөтүүмдү өткөрөйүн деп пландап жатам.

- Командада жалпы канча адам бар?

- Командада алтообуз иш алып барабыз. Аларды белгилеп айтып кетким келет. Алар Кенжебек, Миррахим, Гүлмира Кутуева, Марсель байке, Бермет эже, Рыскүл эже, Гүлназ деген кызым бар.

- "Көчмөндөр модасын" 5 жылдан бери өткөрүп келесиз. Иш-чараңыз өзүн-өзү актайбы?

- Ачыгын айтсам иш-чара өзүн-өзү актабайт. Байып кеткен жокмун. Менин ниетим болгону улуттук баалуулуктар элге көрсөтүлсүн, дүйнө жүзүнө таанылсын деген эле. Башкача айтканда, "жылаңач баатыр" болуп эле жүрөм. Кээ бир учурларда тескерисинче карыз болуп калам.

- Алдыдагы пландарыңыз тууралуу дагы айтып өтсөңүз?

- Жакында 10-12-август күндөрү беш жылдык маарекебиз болот. Биз аны жылдагыдан өзгөчө уюштуралы деп жатабыз. Жыл сайын бул иш-чара Ысык-Көлдө өтөт болчу. Бирок быйыл белгилүү бир себептерден улам Бишкекте өтө турган болуп калды. Негизи эле мен бул иш-чараны өткөрөрдө сөзсүз түрдө бир кыйынчылык болот. Бирок эч качан токтобой "бир жагы болбосо, экинчи жагы бар" деп, сөзсүз бир жеринен жолу чыгат. Быйылкы долбоор 5 жылдык болгону үчүн "өзгөчө шаң, өзгөчө чоң салтанат менен көрсөтөлү, майрамдайлы" деген ниет, тилектер менен даярданып жатабыз. Даярдык жакшы. Буюрса, сонун деңгээлде өтөт деген ойдомун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан