Ысык-Көл облусунун Түп районунда түтүнгө ууланып 61 жаштагы үйдүн кожоюну каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда эртең менен куткаруу кызматына чакыруу келип түшкөн. Анда Михайловка айылындагы үйлөрдүн биринен адамдын сөөгү табылган. Анын электр зымдарынын чыңалуусунан чыккан өрттө түтүнгө ууланып каза болгону аныкталган.