Бишкек шаарынын тургунун сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында болжол менен саат 16:00дө Дэн Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу 21 жаштагы Алтынайды сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен ар кандай жарааттарды алган.
Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде Новопавловка айылынын 34 жаштагы тургуну Залкарбек кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.