12-декабрь күнү
30 жаштагы А.Турдубек аттуу айдоочу 1 жашар наристени сүзүп кеткен. Бул
тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-декабрда кабарлайт.
Маалыматка
караганда, Мерседес-320 автоунаасынын айдоочусу Фучик көчөсүндө жайгашкан №18-үйдүн короосунда жүргөн наристени сүзүп кеткен. Окуя кечээ, 12-декабрда
саат 19:00дө болгон. Жыйынтыгында ымыркай №3-балдар ооруканасынын жандандыруу
бөлүмүнө жаткырылган. Учурда машина унаа токтотуучу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.