Акыркы сутка ичинде республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 13-декабрда билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдү өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.