Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 26-июлда чыккан. Судья Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган.
Чечимге ылайык, Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турат. Ал эми айыпталуучулардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу чечими күчүндө калды.
УКМК 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Каржы полициясынын башчысынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга шектелип кармалганын кабарлаган.
Ага чейин Жамгырчиевдин аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган.
50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев алгач “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.
Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени маалым болгон. Жогорку сот Жамгырчиевге жана Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Эл өкүлү былтыр 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы маалым болгон. Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кармап, кайра коё берген.
Атайын кызмат 26-декабрда анын өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, издөө жарыялаган. Кийин 11-январда Жамгырчиев парламент жыйынына келген. Ал чек арадан аны эч ким кармабаганын журналисттерге билдирген.
Эмил Жамгырчиев июнь айында SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда жогорудагы окуялар боюнча суроолорго жооп берген.