Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө мас абалда унаа айдап бараткан 25 айдоочу аныкталды

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө рейд жүргүзүлүп, мас абалда унаа башкарып бара жаткан 25 айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-август күндөрү Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында жалпы 294 эреже бузуу катталса, унаасын мас абалында башкарып бараткан 25 айдоочу кармалган. Ошондой эле унаанын айнектерин уруксатсыз караңгылатып алган 12 факты аныкталып, жалпы 33 жеңил унаа айып короосуна киргизилгени кабарланды.

"Мекеме жалпы айдоочуларды өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирбестен, жоопкерчилик менен унаа башкарууга чакырат. Бул өңдүү текшерүүлөр адамдар көп эс алуучу аймактарда күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылары айтылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан