2013-жылдын ноябрь
айынын соңунда КРнын ИИМинин Талас облустук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү
башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Орусиядан уурдалган автоунаалар
кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы
кабарлайт.
2012-жылы чыгарылган Range Rover Evoque жана Range Rover Sport 2012 унаалары ушул жылдын
октябрь жана ноябрь айларында Москвадан уурдалган. Автоунаалар Орусиядан
Тажикстанга бараткан мезгилде кармалган. Алардын айдоочуларын текшергенде
экөөсү тең Беларусь Республикасынын жарандары, ал эми автоунаага
тиешелүү документтердин жасалма экени аныкталган.
Учурда тергөө
иштери жүрүүдө.
Уурдалган
унаалардын ар биринин баасы 100 миң долларга бааланган.