Араван-Ак-Буура каналынан адамдын жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-декабрда КРнын ӨКМнын Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жогоруда аталган каналдан Ош шаарынын тургуну, 1961-жылы туулган А.Токторбаевдин жансыз денесин табышкан. Учурда өлүк ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.