Бишкек-Ош унаа жолунун 14-чакырымында Панфилов районунун 18 жаштагы тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында бүгүн, 13-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогорудагы факты кечээ, 12-декабрь күнү эртең менен болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 18 жаштагы жаран окуя болгон жерден каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.