Поэтерапия: "Өз өлкөмдүн улуулугун баркын билип, зар болуп жүрөм айылымдын абасына"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Жоодар Сүйүнбеков.

Сүйүнбеков Жоодар Сүйүнбекович 1993-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрткүл айылында туулган. Үч бир туугандын эң кичүүсү. Аталган айылдагы Болот Мамбетов атындагы мектепти 2010-жылы аяктаган. Кийин Каракол шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Каарманыбыз бала кезинен бери ыр дүйнөсүнө аралашып келет. Жазган ырлары Саамалык-14 ырлар жыйнагына чыккан. Учурда устачылык менен алектенет.

МОСКВА

Канча адамды өзүңө чакырасың,
Коюнуңда көп пендени батырасың.
Адал менен бирөөлөрдү тойгузуп,
А бирөөнү кайгыртып ач кыласың.

Каалагандай кезек менен келтиресиң,
Каарың да күч кайырчыга жеткиресиң.
Үйү жокко күнүмдүк пайдаң менен,
Үмүт менен таң атып кеч киресиң.

Эх Москва жарыгың жайнап турат,
Эмнегедир бир сыйкыр байлап турат.
Кайран күн эй заманың бузук сенин,
Калпыңдын эх казаны кайнап турат.

Жүргөндөр бар өзүңдөн кутула албай,
Жүргөндөр бар ашынып кутура албай.
Жок дегенде өз жеринде көмүлсө деп
Жүргөндөр бар кепин сөөгүн учура албай.

Баары болсо ойдогудай бакты да,
Бул турмушуң ким бирөөгө шор тура.
Эмне деген ырлар жазсаң түгөнбөс,
Эх Москва, кайран гана Москва.

ЖҮРӨМ АЗЫР МЕКЕНИМДЕН АЛЫС ЖАКТА

Жүрөм азыр мекенимден алыс жакта,
Тааныш эмес көздөрүмө баары башка.
Ар бир күнүм саналып өткөн менен,
Өзүм билбейм жүрөмүн дагы канча.

Жүрөм азыр башка элдин арасында,
Тааныш эмес башкалардын калаасында.
Өз өлкөмдүн улуулугун баркын билип,
Зар болуп жүрөм айылымдын абасына.

Күндөр өтсө күн да келер кете турган,
Бир заматта учуп барып жете турган.
Оор болгон күндөрдү анан жууп кетер,
Арыктагы суусунан (эх чиркин) кере жутсам.

Анча-мынча ыр жазып жүргөн күндөрүмдө турмуштун агымы менен Орусияга эл катары иштегени барып, ошол жакта мекениме болгон сагынычымды ыр менен жазгам.

КУСАЛЫК

Ушул жылдын ушул айдын соңунда,
Учуп желдей сага барсам жолугууга.
Бир кучак кусалыкты жайып алып,
Бек кучактап асыларсың моюнума.

Үн сөз жок көздөрүмө тигилерсиң,
Үнүмдү угуп сөздөрүмө ийилерсиң.
Ороп алып нур бакытка турсаң мени,
Ошол күнү мендик болуп билинерсиң.

Жетелешип гүл бакчада басарбыз,
Эркелешип сагынычты таратарбыз.
Биз экөөбүз жараткан насип кылса,
Бир үлгүлүү үй-бүлөнү жаратарбыз.

ЖҮРӨГҮМДӨ БИР АРМАН

Күтүүсүз бурулуштар сокку болуп,
Көңүлүмдө сен тараптан кир калган.
Жанды жеген айыккыс оору болуп,
Жүрөгүмдө өчпөй жүрөт бир арман.

Миң айтып жүргөн менен сүйөрүмдү,
Мезгилдер мени сага кошо албайт.
Жек көрүүм ойлорумду жүрөгүмдү,
Жолтоо болуп жолумду тосо кармайт.

Сүйүүнүн көзү сокур деген болуп,
Сага менден кеткенби жаңылыштык.
Азаптуу ойлор көлү терең болуп
Арман менен эки жолго айрылыштык.

УБАЛДУУ СҮЙҮҮМ

Калбадың бир да жолу чыгып ойдон,
Ак сүйүүм азыр деле ысык бойдон.
Жакындар каршы болуп сен тараптан,
Жолубузду эки ажырым кылып койгон.

Сүйүктүүм тунук элең булак болгон.
Сүйүүм бар азыр деле кучак толгон,
Туугандар тоскоол болуп мен тараптан,
Тагдырды биздин аттиң тушап койгон.

Ойлор бузук ич күйдүү көздөр толуп,
Ортодо жаман жакшы сөздөр болуп.
Убалында калыптырмын кур намыстын,
Жүрөгүмдүн каалоосуна көнбөй коюп.

Сүйүү темасындагы ырларым өз жашоомдон алынган десем болот. Убагында кыз-жигит мамиледе болуп жүргөн учурда ар кандай кырдаалга туш болосуң. Ошондогу эргүү келген мезгилде жазылган ырлар.

БИР ТУУГАНЫМ

Атабыз бир апабыз бир жаныбыз бир,
Аралаган дене бойду каныбыз бир.
Жакыным бир боорум бир тууганым,
Жакшылыкта бир болчу тамыбыз бир.

Көздөрүбүз сөздөрүбүз түрүбүз бир,
Күчү чексиз сезимтал сүйүүбүз бир.
Мен үчүн мээрими күчтүү бир тууганым,
Майрам күндө шаң тосчу үйүбүз бир.

Жан тартып ак ниеттен күйөө турган,
Жан дилден мени дайым сүйө турган.
Өйдөдө өбөк ылдыйда жөлөк бир тууганым,
Өмүр бою сенсиң коштоп жүрө турган.

Мен үчүн курмандыка бара турган,
Муштумдай жүрөгүн отко сала турган.
Кымбат мага ыйык мага бир тууганым,
Кыйын күндө жанымда кала турган.

Кеңешип бир чечимге келишерим,
Кош колдоп колдо барды беришерим.
Бир болсок дасторкондо бир тууганым,
Берекелүү болот дайым жеп ичерим.

Ырыскысын теңдеп дайым бөлүшөрүм,
Ылайым сыймык менен көрүшөрүм.
Жараткандан аманат мага бир тууганым,
Жашоодогу силерсиңер өмүр демим.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан