Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Азия банкынын кеңсеси өрттөндү. Бул туурасында ӨКМнын Мамлекеттик өрткө каршы агенттиги бүгүн, 13-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Өрттүн кесепетинен кеңседеги бардык керектүү документтер күйүп кеткен.