Ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт

Бишкекте 17-21-ноябрь күндөрү Бишкек кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Иш-чара улуттук кинонун кадыр-баркын бекемдөө, ата мекендик мыкты кино чыгармаларды популярдаштыруу, бүткүл кинематографисттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт.
Кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Кинофестивалдын программасында:
- Эл аралык кино сынагы;
- Улуттук кино сынагы;
- Атайын көрсөтүүлөр;
- Киндолбоорлор питчинги өтөт.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. Сыйлыктардын арасында Чыңгыз Айтматов атындагы "Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн" сыйлыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн Калыстар тобунун сыйлыгы (ФИПРЕССИ), NETPAC Калыстар тобунун байгеси, Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун сыйлыктары берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан