Өз үйүнөн белгисиз адам бычак сайып, алтын буюмдарын уурдап кеткен аял каза болду. Бул туурасында ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 57 жаштагы Мухтарамхон Ибрагимова бүгүн, 13-декабрда алган жараатынан улам жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Эске сала кетсек, бул окуя 10-декабрь күнү болгон. Көп өтпөй кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран кармалган.