"Бардык жомоктун аягы болот...". Мээрим Төлепберген Мирбек Атабеков менен ажырашканын айтты

Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген жолдошу менен ажырашканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

"Жомоктун да аягы болот. Менин жомогум жакшы жана кайгылуу болду. Мен Мирбекти таланттуу артист катары жана кыргыз элинин уулу катары аябай сыйлайм жана жакшы көрөм. Биздин 3 балабыз бар, чогуу жашаган жылдарыбыз сонун көз ирмемдер менен эсте калат. Бирок жашоодо эки жолго түшкөн учур болот.

Мен чын жүрөгүмдөн ага жалаң жакшылыктарды гана каалайм. Өз адамын таап, бактылуу, ден соолугу чың болсун. Ага чыгармачылык бийиктиктерди каалайм. Жашоомдун белгилүү бир мезгилинде аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгү болгону үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирем. Биздин балдарыбыз биз үчүн эң жакшы нерсе. Алар ата-энеси бактылуу болгондо гана өздөрүн бактылуу сезет деп ишенем.

Мен эч нерсени түшүндүрбөйм жана айтпайм. Көп берилген суроого жооп берип жатып, бул тууралуу биринчи жана акыркы жолу жазып жатам. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан оор болду, бирок бизди түшүнөсүңөр деп ишенем. Баарыңарга бакыт жана сүйүү каалайм"- деп жазган ал.

Эске салсак, Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2014-жылы баш кошушкан. Жубайлардын ортосунда бир уулу жана 2 кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан