Токтогулда Комуз күнү белгиленди (фото)

Токтогулда Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Майрамдык салтанат райондук балдар музыкалык мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн комузчуларынын катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Иш-чара быйыл бешинчи ирет өткөрүлгөнү жатат. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.

Комуз күнүн утурлай, эртең, 9-сентябрда чоң программадагы концерт өтө турганы буга чейин кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан