Ырчы, тамада Чыңгыз Мырзаев 40ка чыкты. "Бул күндү үй-бүлөм менен эле тосом" дейт ал

Бүгүн, 11-сентябрда ырчы, телеалпаруучу жана тамада Чыңгыз Мырзаев өздүк майрамын белгилеп жатат. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, маанайы мыкты экенин, ар бир күн эле майрам экенин белгиледи.

"Кудайга шүгүр, маанайым мыкты. Жакындарым, досторум, кесиптештерим, көрөрмандарым, угармандарым тарабынан жакшы каалоо-тилектерди кабыл алып жатам. Бул күндү ата-энем, бир туугандарым, бала-чакам менен чогуу өткөрүүдөмүн. Негизи туулган күнгө өзгөчө маани берип, аны өзгөчө тоскондордон деле эмесмин. Бүгүн дагы дайымкыдай эле дасторкон жайып, жакындарымдын курчоосунда, үйдө эле болом. Туулган күндүн урматына чакыруулар болуп жатат. Буюрса, эртеңден баштап алардын чайын ичем го деп турам", - дейт Мырзаев.

Чыңгыз Мырзаев 1983-жылдын дал ушул күнү Баткен облусундагы Кадамжай районунун Орозбеков айылында төрөлгөн.

Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумун бүтүргөн. Ырчынын "25 жаш", "Бир тууган" деп аталган ырлары элге кеңири белгилүү. Чыңгыз Мырзаев "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча 2006 жана 2011-жылдары "Жылдын супер ди-джейи" наамдарына ээ болгон.

Ырчылыктан сырткары өзүн тасма талаасынан да сынап, “Кандуу сүйүү” тасмасында баш каарман Алымбектин образын, "Талас-Бишкек" тасмасында Ильяздын ролун жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан