"Туу тапшырылып...". Кыргыз спортчулары Азия оюндарына аттанды

Кыргызстандык спортчулар Азия оюндарына аттанды. Мелдешке катыша турган спортчуларды Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров узатты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, анда Кыргызстандын туусу улуттук курама команданын капитаны Эркин Адылбек уулуна берилип, алдыдагы мелдештерге ийгиликтерди каалашты. Спорттук иш-чаранын ачылыш жана жабылыш аземдерине өлкө туусу алып чыгылат.

Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп, ага 40тан ашуун өлкө катышат. Кыргызстандан Азия оюндарына 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан