Бишкекте эл аралык театралдык фестиваль өтөт

Бишкекте 9-эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, фестиваль СССРдин эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналып, 23-30-сентябрда борбор калаада уюштурулат.

Ага Азербайжан, Орусия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын театрлары катышуусу күтүлүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, “ART-ORDO 2023” фестивалы сынактык негизде өтүп, калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына фестивалга катышкан өлкөлөрдүн алдыңкы театр ишмерлери (сынчылар, театр таануучулар, драматургдар, режиссерлор, актерлор жана сценографтар) кирет.

"Фестивалда “Мыкты спектакль”, Мыкты режиссура”, “Мыкты сценография”, “Мыкты музыкалык коштоо”, “Эркектин мыкты ролу”, “Аялдын мыкты ролу”, “Экинчи пландагы мыкты актер”, “Экинчи пландагы мыкты актриса”, “Мыкты актёрдук ансамбль”, “Мыкты эпизоддук роль”, “Мыкты дебют”, “Көрүүчүлөрдүн арзуусу” жана “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” номинациялары тапшырылат",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле фестивалга катышууга КМШ өлкөлөрүнөн жана чет өлкөлөрдөн профессионалдык драма театрлар чакырылган. Ар бир өлкө акыркы эки жылда коюлган бир же эки спектакль менен бир же эки театр тобу менен катыша алары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан