Кыргызстандын айрым айыл жана айыл аймактарынын аттарын өзгөртүү сунушталды. Тизме

Жогорку Кеңешке Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айылдардын жана айыл аймактарынын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда парламенттин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.

"Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын чечимдери жана президенттин Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган",- деп айтылат маалыматта.

Өзгөртүү сунушталган айылдар жана айыл аймактары:

- Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын- Молдо Нияз айыл аймагы;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын - Үч-Коргон айыл аймагы;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын- Тынчтык айылы;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылын- Достук айылы;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылын - Ынтымак айылы;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын- Кытай айылы;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын - Кожояр айыл аймагы;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылы- Кожояр-Ата айылы деп кайра аталсын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан