Белград: 19 жаштагы казак балбаны Дүйнө чемпиону болуп, бирок желек желбиреткен жок

Бүгүн, 18-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештеринин финалдык кармаштары өтүүдө.

Анда Дүйнө чемпиондугуна 92 килограмм салмакта финалда Ризабек Айтмухан финалда азербайжандык Осман Нурмагомедов менен кез келди. Беттеш 2:2 эсебинде болуп жатып акыркы секундаларда казакстандык балбан дагы эки упай алып, эсеп санын 4:2ге айлантты.

Жыйынтыгында ал жеңишке жетип, Казакстандын тарыхында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.

Беттештен кийин ал машыктыруучусуна барып желек сураганда машыктыруучусу желек жок дегендей ишарат кылды. Жыйынтыгында Ризабек Айтмухан Машыктыруучусу экөө кол кармашып килемди айланып чуркады.

Белгилей кетсек, салт боюнча финалда жеңишке жеткен балбан өз өлкөсүнүн желегин желбиретип, килемди айланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан