Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде шоумен, актёр Залкар Касымовдун үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатат. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлүүдө.
Эки жаштын кубанычына жакындары, достору жана шоу-бизнес өкүлдөрү ортоктош болууда.
Жаш жубайлар эл алдына "Тамашоу" жигиттеринин коштоосунда чыгышты.
Эскерте кетсек, буга чейин 10-августта Касымов сүйүктүүсүнүн колун сураганын жазганбыз.