Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.
Тарыхый маалыматтарга караганда, анын жашоосу кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан баштап эл башкарууга аралаша баштаган.
Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынан баштап казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака катышта болуп турушкан.
Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга каршы күрөшүп, даңкы Орусия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын колунан каза тапкан.