Алмаз Шаадаев: "Үйлөнгөнүмө дагы деле ишене албай жүрөм" (видео)

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу ырчы Алмаз Шаадаев болду.

Ал маектин жүрүшүндө чыгармачылыгындагы ийгиликтери, жаңы турмуш жолуна кадам таштап жаткандагы сезимдери, жубайынын мүнөзү тууралуу айтып берди.

"Ырчылык менин хоббим эмес, жумушум. Мен ырчылыктан башка нерсе менен алектенбейм. Жан дүйнөм чыгармачылыкты каалайт. Ырдагандан эргүү алам, ыр жаздыруудан ырахат алам. Ошол эргүүбүз элге жагып жатса ырахат нерсе да. Чыгармачылык менен нан таап, үй-бүлөмдү багам. Бизди эл көтөрөт, эл багат. Элдин эрке уулу болуп эле жашап өткүм келет", - дейт ырчы.

Ал эми үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу буларга токтолду.

"Үйлөнгөнүмө дагы деле ишене албай кетем, кээде туруп мен чын эле үйлөндүмбү деп нес болуп кетем (күлүп). Үйлөнгөндөн кийин жакам агарып калды, бул эми жалгыз эмесмин, ишенген адамым, шеригим бар деген сөз. Жубайымдын мүнөзү токтоо. Үйдө мен көп сүйлөп, энергиям ашып-ташып турат", - дейт Алмаз Шаадаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан